«Дөө Чыңгыз» каймана аттуу кримтөбөлдүн УКМКга өзү келген видеосу тарады

Социалдык тармактарда «Дөө Чыңгыз» каймана аттуу кримтөбөлдүн УКМКга келген видеосу тарады. Буга чейин УКМК маалымат таратып, 15-июль күнү Бишкекте «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов кармалганын билдиришкен.

8-июль күнү “Дөө Чыңгыз” атыккан кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловду кармоо аракеттери жүргүзүлүп, анын унаасы аткыланганы маалымдалган. Кийинчерээк УКМК үн катып, Жумагулов менен ок атышуу болбогондугун билдирген.