«Дөө Чыңгызды» кармоо операциясынын видеосу тарады (видео)

Социалдык тармактарга «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен таанымал кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловду кармоо операциясынын видеосу тарады.

Видеодон атайын даярдыктагы аскерлер кара түстүү Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаага чуркап келишкенде крим төбөл отурган унаа жүрүп кеткенин көрүүгө болот.

Кечээ, 8-июль күнү кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловдун унаасы белгисиз жарандар тарабынан аткыланганы айтылган.