Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айылынын жайлоосунан жаңы союлган аюунун терисин баштыгына салып алып, көтөрүп келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Турат Сатимбаев билдирди.
Анын айтымында, Кызыл-Үңкүр айылынын 1971-жылы туулган тургуну Э.Ж. аталган департаменттин өкүлдөрү тарабынан кармалган.
«Бул факт Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Өкмөттүн №224 токтомуна ылайык, бир баш аюунун доосу 1 000 000 сомду түзөт. Күрөң аюу Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген», — деп билдирди ал. Жалал-Абад облусунда күздөгү жыл санак боюнча жалпы 234 аюу бар.