Улуттук банк Ички иштер министрлиги менен биргеликте республиканын аймагында «төлөм каражаты болуп саналбайт» деген жазуусу бар улуттук валютанын «сувенирдик» банкнотторунун пайда болушуна жана сатыкка чыгышына байланыштуу «Жунхай Дордой» базарында рейд жүргүзүштү.
Рейддин жыйынтыгы боюнча, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 304-беренесинин талаптарын бузгандыгы жана улуттук валютанын банкнотторунун (монеталарынын) сүрөттөрүн көчүрүп чыгаргандыгы үчүн, улуттук валютанын сатуу үчүн арналган банкнотторунун түстүү көчүрмөлөрү табылган соода түйүндөрүнүн ээси болуп саналган Кыргыз Республикасынын эки жаранына 11 миң сом жалпы суммасында 55 эсептик көрсөткүчү өлчөмүндө айып салынды.
«Өзгөчөлүктөрү (өлчөмү, түсү, сүрөтү) боюнча Кыргыз Республикасынын анык банкноттору үчүн төлөм жүгүртүүдө кабыл алынышы мүмкүн болгон Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын банкнотторунун сүрөттөрүн колдонууга тыюу салынган жана административдик укук бузуу болуп саналат. Сувенирдик банкноттордо «төлөм каражаты болуп саналбайт» деген жазуунун болушу мындай банкнотторду сатуучуларды жана даярдоочуларды административдик жана кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт», — деп айтылат маалыматта.











