Бишкекте пара берүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБден билдиришти.
Бишкек шаарынын Свердлов РИИБге билдирме менен Свердлов РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери кайрылган. Анда жарандын үстүнөн ыкчам иштерди жүргүзүп жаткан учурда күбө статусун калтыруу үчүн 4 миң доллар сунуштаган.
«2-апрель күнү Свердлов РИИБдин жана ИИМдин, Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан, ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшкөн, анын жүрүшүндө 1985-жылы туулган жаран Бишкек шаарынын Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн иш бөлмөсүндө 325 миң сом акча берип жаткан жеринен кармалган.
Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза Кодексинин 345-беренесине (пара берүү) ылайык кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө амалдары уланууда»,- деп айтылат маалыматта.
Посмотреть эту публикацию в Instagram