Дүйшөнбек Зилалиев камакта калтырылды

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге байланыштуу соттук териштирүү аяктады.

Соттук отурум учурунда айыпталуучу сот залына алып келинбегендиги белгилүү болду. Катчы Зилалиев ден соолугуна байланыштуу сотко алып келинбегенин айтты. Кеңешме бөлмөсүнөн чыгып, судья аныктаманы окуду, ага ылайык өндүрүштүн мөөнөтү жана баш коргоо чарасы узартылды. Зилалиев 14-декабрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайында болот. 

2018-жылдын декабрь айында УКМК декларацияланбаган үйлөрдү, батирлерди жана мурдагы вице-премьер-министрдин банктагы эсебиндеги миллиондорду тапкан. Ал өзүнө козголгон кылмыш ишти саясий шоу деп атап, күнөөсүн мойнуна албай келген. Биринчи Май райондук соту Дүйшөнбек Зилалиевди тогуз жылга эркинен ажыраткан. Кийинчерээк Жогорку Сот экс-вице-премьерге карата чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарган.