Жеке ишкерден акча талап кылган Кызыл-Кыянын салык кызматкери кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 21-июлда Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы жеке ишкер Кызыл-Кыя ШИИБге арыз менен кайрылып, Мамлекеттик салык кызматынын Кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгынын улук инспектору дүкөнүн текшерип, салыктан бошотуу үчүн 200 миң сом пара талап кылып, андан акча алганын билдирген.
Арыз негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (пара алуу) боюнча кылмыш иши козголуп, 22-июлда шектүү 2200 АКШ долларын кайтарып берип жаткан жеринен кармалган. Шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.











