«Эч кимге айтпашың керек». Чүйдө 11 жаштагы кыз тууганы тарабынан сексуалдык аракеттерге туш болгонун айтып чыкты

Чүй облусунун Арашан айылында 11 жаштагы кызга сексуалдык аракет жасаган делип, 34 жаштагы тууганы кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 19-январда Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан Арашан айылында эркек киши өспүрүм кызга карата сексуалдык аркеттерди кылып жүргөндүгү боюнча маалымат алышкан. Териштирүүдө жогорудагы кыздын 2011-жылы туулгандыгы такталган. Өспүрүм кыз суралып, ал чоң ата жана чоң энеси менен жашаарын айтып, ата-энеси менен байланышы жок экендигин билдирген. Ал туугандарынын бири эки жыл мурда Арашан айылындагы талаадан ага карата сексуалдык аракеттерди жасап, ал боюнча эч кимге айтпашы керектигин айтып, кийиин да андай ишке барууга аракет кылганын, бирок кыз андан качып жүргөнүн билдирген.

«10-январда өспүрүм кыз ден соолугуна байланыштуу Чүй облустук ооруканасына жаткырылган. Кийин ооруканадан чыккандан кийин милиция кызматкерлери тарабынан социалдык кызматтарга өткөрүп берилген», — деп айтылат маалыматта.

Бул факты Аламүдүн РИИБи тарабынан каттылып, зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кыздын көрсөтмөсүндөгү тууганынын аты-жөнү такталып, анын 34 жашта экендиги аныкталган. Териштирүү учурунда ал өспүрүм кызга карата эч кандай сексуалдык аракеттер болгон эместигин билдирген. Андан сырткары, ошол даректе жашагандар суралып, алар мындай окуя болбогонун айтышкан. Учурда ар тараптуу тергөө жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндурүш иштери улантылууда.