«Эч кимге дооматы жок». Москвада сабалган 10 жаштагы кыздын апасы арыз жазуудан баш тартты

Москвада сабалган 10 жаштагы кыздын апасы арыз жазуудан баш тартты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден билдиришти.

22-май күнү Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кабар келип түшкөн, анда 22-май күнү саат 20:40 чамасында cоциалдык тармакта Өзгөн районунун Чангет айылынын тургуну 2012-жылы туулган кызды Өзгөн районунун Ийри-Суу айыл аймагынын тургуну — 1975-жылы туулган жаран Орусиянын Москва шаарына неберелерин каратуу үчүн алып барып, аны урушуп, денесине жаракат келтирилген видео тараган. Аталган маалымат катталып, тергөө жүрө баштаган.

Жогорудагы факты боюнча жабырлануучунун апасы эч кимге арыз дооматтары жотугун билдирип, арыз жазуудан баш тартты. Өзгөн РИИБдин ыкчам-тергөө тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү 1974-жылы туулган Өзгөн районунун тургуну экендиги такталып, бирок азыркы убакта Москва шаарында экендиги аныкталды. Учурда тергөө амалдары уланууда.