Египетте кармалган «Казак» лакап аты менен таанымал болгон жаран Кыргызстанга алынып келинди. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
2024-жылдын октябрында Интерполдун кызматкерлери тарабынан изделип жаткан жаран Египетте кармалган. Компетенттүү органдар тарабынан аны экстрадициялоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн. 17-ноябрда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана ИИМдин Интерпол Улуттук борбордук бюросунун кызматкерлери тарабынан кармалган «Казак» лакап аты менен таанылган М.У. аттуу жаран Ош шаарына жеткирилди. Египеттин Интерполунун кызматкерлери активдүү көмөк көрсөтүштү.