Екатеринбург-Шадринск-Курган жолунда кыргызстандыктар жол кырсыкка кабылып, бирөөсү көз жумду

Орусиянын Щадринск шаарында Кыргыз жарандарынын катышуусу менен жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 25-апрелде Екатеринбург-Шадринск-Курган унаа жолунда Кыргыз жарандарынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, Кыргыз жараны башкарып келе жаткан Хонда Фит үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу каршы тилкеге чыгып кетип, Hyundai жүк ташуучу унаасы менен кагышкан.

Кырсыктын кесепетинен 1989-жылы туулган Кыргыз жараны алган жараатынан ошол жерден каза болгон. 1985-жылы туулган айдоочу жана жүргүнчү 1999-жылы туулган кыз киши ар кандай жаракаттар менен Щадринск шаарынын ооруканасына жаткырылган. Жабыркагандардын абалы туруктуу экени айтылууда.

Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу окуянын бардык жагдайларын тактоо иштерин жүргүзүүдө. Маркумдун жакындары менен туруктуу байланыш түзүлүп, Кыргыз Республикасына Жүк-200 жөнөтүү маселеси чечилүүдө.