Екатеринбургда аял жети жаштагы уулун 300 миң рублга сатууга аракет кылган

Екатеринбургда Наргиза аттуу аял баласын 300 миң рублга сатууга аракет кылган. Бул тууралуу “Альтернатива” ыктыярчылар уюму билдиргенин Орус ЖМКлары жазып чыгышты. 

Маалыматка караганда, уюм окуя боюнча катталуучусунан билген. Катталуучусу баланын сатылып жатканын интернеттен көргөн.

«Биз дароо бул аял менен кат алышып, чоо-жайын биле баштадык. Көрсө, Наргиза аттуу аялдын биринчи никесинен 7 жаштагы уулу бар экен. Ал эми экинчисинен дагы эки баласы бар экен. Наргиза күйөөсү улуу баласына каршы болуп жатканын айтып, карызын төлөө үчүн баласын сатууну чечишкенин айтты», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми тергөө бөлүмү үй-бүлө башчысы аялынын кылмыштуу иши тууралуу билген эместигин айткан.