Екатеринбургда баласын сатууга аракет кылган келиндин Кыргызстандын жараны экени аныкталды

Буга чейин Екатеринбургда Наргиза аттуу аялдын баласын 300 миң рублга сатууга аракет кылганы маалым болгон. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ТИМден окуя тууралуу маалымат беришти.

Кармалган аялдын Кыргызстандын жараны экени аныкталган. Ага карата кылмыш иши козголгон. Ал эми бала социалдык мекемеге жиберилген. Консулдук ага жардам катары котормочу жана адвокат менен камсыз кылышкан.

11-августта сотто келиндин бөгөт чарасы каралат.