Ош — Кара-Суу жолундагы суу түтүгү кулап түшкөн окуя боюнча тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Кечээ, 12-август күнү саат 10:00 чамасында милицияга кабар келген. Анда Ош шаары менен Кара-Суу районунун кесилишинде жайгашкан Мунай базасынын унаа жүрүүчү жолунда кокусунан суу өтүүчү түтүк түшүп кетип, Дэу-Нексия үлгүсүндөгү унааны басып калгандыгы жөнүндө маалымдалган. Аталган маалымат Кара-Суу РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, окуя болгон жерге РИИБдин ыкчам тергөө тобу чыккан.
Алгачкы текшерүү учурунда төмөнкүлөр аныкталган: 12-август күнү саат 09:40 чамасында Алай районунун тургуну 1976-жылы туулган жаран өзүнүн башкаруусундагы оор жүк ташуучу J-FANG үлгүсүндөгү унаасы менен Кара-Суу районунун Нариман айылынын Насридинов көчөсүнүн түндүк тарабы менен чыгыштан батышты көздөй бара жатып, жолдун үстүнөн өткөн суу өтүүчү түтүктүн бийиктигин эске албай, түтүктү сүзүп алган. Кесепетинен ошол эле жолдун карама каршы тилкесинде келе жаткан Дэу-Нексия үлгүсүндөгү унаанын үстүнө суу өтүүчү түтүк түшүп кеткен. Унаанын алдынкы салонунда олтурган 2 жаран окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми унаанын арткы салонунда олтуруп бара жаткан жүргүнчүлөр, 3 жаран (экөө бала) денесине алган жаракаттын негизинде Ош облусунун балдар ооруканасына жеткирилген.
Каза болгон жарандарга жана ооруканага жеткирилген жарандарга соттук медициналык экспертиза дайындалып, жол эрежесинин талаптарын бузгандыгын аныктоо боюнча соттук автотехникалык, трассологиялык экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө амалдары уланууда.