Сузак районунда экинчи аял алып, той берген адамга козголгон кылмыш иши 29-июнда кыскартылганы белгилүү болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
“Тергөөнүн жүрүшүндө экинчи аялына той өткөргөн кишинин эки аялы эки башка даректе жашагандыктан, Жазык кодексинин 179-беренесинде каралган кылмыштын курамы аныкталбагандыгына байланыштуу өндүрүш иши кыскартылды”, — деп маалымдашты ОИИБден.










