«Экөө тең мас болгон». Ошто 26 жаштагы жаран өз атасын өлтүрүүгө шектелип жатат

Ошто 26 жаштагы жаран өз атасын бычактап өлтүрүүгө шектелип жатат. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Алгачкы тергөө амалдары көрсөткөндөй, 7-апрелда Ош шаарында убактылуу жашап жүргөн Кара-Суу районунун Папан айыл аймагынын тургуну өз атасы менен чырдаша кетип, атасынын көкүрөк тушуна жанында салып жүргөн бүктөмө бычагы менен эки ирет сайып жиберген.Анын кесепетинен шектүүнүн 1967-жылы туулган атасы окуя болгон жерде каза болгон. Кылмыш ишинен соӊ, уулу милицияга өзү кабар берген.

Маркум ошол күнү өзү жашаган Папан айыл аймагынан баласынын жашап жүргөн Ош шаарындагы үйүнө барган. Шектүү катары кармалган уулунун берген көрсөтмөсүнө караганда, экөө теӊ мас абалында болушкан. Кылмыш ишинин алкагында экспертизалар дайындалып, факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 122-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүү 1997-жылы туулган жаран мурда 2 жолу соттолгон. Ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.