Экс-депутат Алмазбек Баатырбеков 31-июлга чейин камакка алынды

Экс-депутат Алмазбек Баатырбеков 31-июлга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, ал УКМКнын СИЗОсунда болот.

Бүгүн, 9-июнда Алмазбек Баатырбеков УКМК тарабынан кармалган. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, ал «Кумтөр» иши боюнча камакка алынган.