Бүгүн, 20-январда экс-депутат Бактыбек Калмаматов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу маалыматты анын жактоочусу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ырастады.
Буга чейин 12-январда Бишкек шаардык сотунда саясатчынын бөгөт чарасын кароо кийинкиге калтырылган. Анда процесстин жылдырылып кетишине судьялардын бири Шарабидин Токтосуновдун сотко катышуудан баш тартканы себеп болгон.
22-декабрга караган түнү Бактыбек Калмаматов «Манас» аэропортунда Сауд Арабияга бара жаткан каттамдан калтырылып, УКМКга жеткирилген. Ал аймактар аралык кастыкты козутууга шектелүүдө.