Бишкекте Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиев кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Ал 25-октябрда соттун чечими менен камакка алынганы кечээ, 14-ноябрда белгилүү болду.
Жаныбек Бакчиевге карата баш коргоо чарасы тергөө бүткүчө – 23-декабрга чейин УКМКнын СИЗОсуна камакка алуу чечимими чыккан. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизатты мыйзамсыз даярдоо) менен айыпталууда.