Экс-депутат Орозайым Нарматова камакта калтырылды

Бүгүн, 16-ноябрда Бишкек шаардык сотунда мурдагы депутат Орозайым Нарматованын бөгөт чарасы каралып, Биринчи Май райондук сотунун чечими күчүндө калтырылды.

Буга чейин Илгиз Шаменов социалдык тармактагы баракчасына мурдагы депутат Орозайым Нарматова менен Москвада кармалганын жазган. 29-октябрда Биринчи Май райондук соту аны 2 айга камакка алган.