Экс-депутат Руслан Чойбековдун бөгөт чарасы каралып, камакта калтырылды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Руслан Чойбековго карата баш коргоо чарасы тандалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тергөө иши бүткүчө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандады.

Белгилей кетсек, Чойбеков Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) боюнча кылмыш жасаган деп шектелип жатат.