Экс-депутат Ширин Айтматова УКМКга суракка чакырылды

“Ата Мекен” фракциясынан Жогорку Кеңештин мурдагы чакырылышынын депутаты Ширин Айтматова «Кумтөр» иши боюнча УКМКга суракка чакырылды. Бул маалыматты депутат Дастан Бекешевге таянып, жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет «Кумтөргө» байланыштуу 4 кылмыш ишин тергеп жатат. Анын алкагында 31-майда Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров, мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов, экс-депутаттар Исхак Пирматов, Талантбек Узакбаев 2 айга камалган. Кечээ, 9-июнда «Кумтөр» ишине байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Жогорку Кеңештеги мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Нарымбаев жана Жогорку Кеңештин экс-депутаты Алмазбек Баатырбеков камакка алынган.