Экс-президент Алмазбек Атамбаев Молдовановкадагы абакка которулду

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Молдовановкадагы 27-колонияга которулду. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жазаларды аткаруу кызматынан тастыкташты.

Мурдагы өлкө башчысы буга чейин соттук процесстин жүрүшүндө 8-абакка которулушун суранганын айткан. «Мен 8-абакка деп сурангам. Анткени ал жактан мени карда жылаңач сүйрөп келүүгө оор болмок. Мени 27-абакка которушат болушу керек», — деген ал.