Экс-президент Алмазбек Атамбаев сотко алып келинди

Бүгүн, 4-апрелде экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна алып келинди. Ал 2020-жылдагы октябрь окуясы боюнча айыпталууда.

Буга чейин 1-апрелде судья мурдагы президентке карата күчкө салып алып келүү чечимин чыгарган.

23-мартта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Биринчи Май райондук сотунун имаратына Кой-Таш окуясы боюнча соттук процесске жеткирилген. Анын жактоочулары Атамбаев күчкө салынып алып келингенин билдиришкен. Бирок мурдагы президент аны жеткирип барган унаадан түшүүдөн баш тартып, кийин ага Тез жардам чакыртылып, андан ары кайра колонияга жеткирилген. Уулу Кадырбек Атамбаев «Атам карда жылаңайлак турууга аргасыз болгон. Ага катуу суук тийген» деп соцтармактагы баракчасына жарыялаган. Кийин улуу баласы Сеид Атамбаев атасынын өмүрүнө коркунуч бар экенин Жогорку Кеңештин жыйынынан билдирген.