Экс-президент генерал наамдарын мыйзамсыз ыйгарганбы? УКМК текшере баштады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети мурдагы ички иштер министринин орун басарлары менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басарына генерал наамдары ыйгарылган деген маалыматты текшерип жатат. Бул тууралуу атайын органдын маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин интернетте экс-президент Сооронбай Жээнбеков иштен кетер алдында өткөн дата менен ошол кездеги ички иштер министринин орун басарлары Мирлан Каниметов менен Алмазбек Орозалиев жана УКМК төрагасынын биринчи орун басары Талант Салиевге генерал наамдарын тапшырып кеткен деген маалымат тараган.

Орозалиев кызматынан 21-октябрда кол жууса, Каниметов 3-апрелде кеткен. Ал эми Салиев жумуштан 16-октябрда бошотулган.