Экс-президент Сооронбай Жээнбековго карата жазылган арыз Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жана Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин жарандардын тобу октябрдагы окуяларда «Ала-Тоо» аянтында жабыр тартышкандыгын билдиришкен. Алар Башкы прокуратурага Сооронбай Жээнбековго укук коргоо органдарына митингге чыккан адамдарды күч менен таркатууга буйрук бергендиги үчүн чара көрүүнү жана экс-президент деген статусунан ажыратууну суранып арыз жазышкан.
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришкендей, арыз 1-февралда УКМКга жана Ички иштер министрлигине жөнөтүлдү.












