Экс-вице-премьер Тайырбек Сарпашев 30-ноябрга чейин камакта болот

Кечээ, 14-октябрда «Кумтөр» ишине байланыштуу коррупцияга шектелип кармалган экс-вице-премьер Тайырбек Сарпашев кайра камакка алынды. Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 30-ноябрга чейин камакта калтырды. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайында болот.

Тайырбек Сарпашев 18-июнда УКМК тарабынан кармалган. 19-июнда Биринчи Май райондук сотунда баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынган болчу. Кийинчерээк анын бөгөт чарасы өзгөртүлгөнү, тил кат менен бошотулганы маалым болгон. 8-июлда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев экс-вице-премьердин УКМК менен кызматташууга барганын айткан. «Биринчи вице-премьер болуп турган маалында жасаган кылмыштары боюнча баалуу маалыматтарды берди. Ал адам тергөө менен макулдашып, үй камагына чыгардык. Бирок ал ар бир күн суракка келип жатат. Ал эми мыйзамсыз баюу боюнча башка иш. Аны өзүнчө карайбыз», — деген төрага.