Экс-вице-премьер Тайырбек Сарпашев коррупцияга шектелип кармалды

«Кумтөр» иши боюнча мурдагы биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, Тайырбек Сарпашевдин өлкөнүн жогорку саясий жетекчилигинде иштеп жатып канадалык «Центерра» компаниясынын өкүлдөрү менен тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, «Кумтөр» кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирип, аталган компаниянын кызыкчылыктарын ишке ашырууга багытталган кылмыштуу иш-аракеттери аныкталды.

Тергөө иштеринде Сарпашев өкмөттө жооптуу кызматтарды ээлөө менен, «Центерранын» кызыкчылыгында мөңгүлөрдүн сакталышын камсыз кыла турган мөңгүлөр жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана кабыл алууга тоскоолдук кылган. Мындан тышкары, ал кылмыштуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомуна мөңгүлөрдү иштетүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө, Кумтөр кенинде жайгашкан Лысый жана Давыдов мөңгүлөрүнүн талкаланышына алып келе турган Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн өлкөнүн парламентинин кароосуна киргизген.

Тайырбек Сарпашевдин тергөө тарабынан аныкталган кылмыштуу аракеттерин эске алуу менен 17-июнда Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмү (коррупция) боюнча кылмышка шектүү делип кармалды. Жакынкы аралыкта  Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карайт.