Элчилик Москвада сабалган кыздын 10 жашта экени, колу-бутунда тактар бар экенин билдирди

Москва районунда 11 жаштагы кыздын сабалышы боюнча Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымат берди.

Окуянын чоо-жайын аныктоо иштеринин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын 1994-жылы туулган жараны, күйөөсү менен бирге жашы жете элек эки баланы тарбиялап жаткан Ош облусунун тургуну, энеси тарабынан жээни болуп саналган 2012-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жаранына карата күч колдонгону аныкталган.

«Кыздын ата-энеси Кыргызстанда. Туугандарынын айтымында, 2021-жылдын октябрь айында кызды ата-энеси Орусияда жашаган туугандарына алардын кичинекей балдарын кароого жардам берүү үчүн жиберген. 22-майда Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн кызматкери кыз жашап жаткан жерге барып, анын абалы менен таанышып келген. Өспүрүмдүн абалы канааттандыраарлык. Визуалдык кароо боюнча кыздын көзүндө жана колдорунда көк ала тактар бар. Ошондой эле ал психологиялык жактан басымга кабылганы байкалат. Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен биргеликте Москва шаарындагы медициналык мекемелердин биринде Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жаранын медициналык кароодон өткөрүү уюштурулду»,- деп айтылат маалыматта.

2022-жылдын июнь айынын башында Кыргыз Республикасынын жашы жете элек жаранын мекенине кайтаруу пландалууда.