— Ушул жылдын 3-августунда Орусия Федерациясынын Москва облусунун Истринский районундагы Петровское айылында жайгашкан «Озон» маркетплейсинин кампасынан чыккан өрт боюнча төмөндөгүлөрдү билдиребиз.
Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москва облусу боюнча ыкчам штабынын маалыматы боюнча, 20 миң чарчы метр аянтты ээлеген өрт өчүрүлүп, миңден ашык адам эвакуацияланган. Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен жабыркагандар жок.
Андан сырткары Москва облусунун «Тез жардам» кызматынын берген маалыматына ылайык, тилсиз жоодон 11 адам жаракат алып, анын экөө ооруканага жаткырылган.