Электр энергиясына болгон карыздарды мыйзамсыз эсептен чыгаруу боюнча коррупциялык схема аныкталды

Башкы прокуратура тарабынан электр энергиясына болгон карыздарды мыйзамсыз эсептен чыгаруу боюнча туруктуу коррупциялык схема түзүлгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

«Мамлекеттик “Ош электр”, “Жалалабат электр”, “Чыгыш электр” жана “Түндүк электр” ачык акционердик коомдору менен ыйгарым укуктуу органдарынын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында, 2016-2020-жылдар аралыгында жалпы 897 миллион 288 миң 500 сомдук электр энергиясына болгон карыздар мыйзамсыз эсептен чыгарылып, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.  Тактап айтканда, жогоруда аталган мекемелер тарабынан абоненттердин карыздарын сот тартибинде өндүрүп алуу боюнча тийиштүү чаралар көрүлбөй, карыздардын орду толтурулбаган»,- деп айтылат маалыматта.

Башка учурларда, сотко доо арыздар берилип, бирок сот аткаруучулардын карыздарды өндүрүүгө мүмкүн эмес деген мыйзамсыз чечимдерине таянып, негизсиз түрдө карыздарды эсептен бошотуп жиберишкен. Ошондой эле, жогорудагы жооптуу кызматкерлер коррупциялык кызыкчылыктарын көздөп, өздүгү такталбаган, аталган даректе жашабаган, же көрсөтүлгөн дареги такыр жок болгон абоненттерди карызкорлордун тизмесине атайылап кошуп, алардан өндүрүүгө мүмкүн эмес деген негизде карыздарды эсептен чыгарып келишкен.

Башкы прокуратура тарабынан жооптуу кызматкерлердин кыймыл аракеттерине баа берүү жана мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүү максатында Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (коррупция) менен 4 кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.