Электр зымдарын контрабандалык жол менен алып өтүп жаткан жаран кармалды

УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы жана УКМКнын чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында 7-март күнү Кыргыз жаранынын башкаруусундагы Фольксваген Крафтер үлгүсүндөгү унаа кармалган.
Текшерүү учурунда унаанын ичинен жалпы баасы 500 миң сомдон ашык Тажикстандан чыгарылган электр зымдары түрүндөгү контрабандалык жүк табылган. Ал Лейлек районунан чыгып Кыргыз Республикасынын аймагына тереңдеп кирип келе жаткан. Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жогорудагы жарандын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилип, унаасы жана жүктөрү унаа токтотуучу жайга сактоого коюлду. Бул факты боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.