УКМК тарабынан финансы-банк тутумунун туруктуулугун жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыкчам иш-чаралардын алкагында, тиешелүү кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу аркылуу Кыргыз жарандарынын акча каражаттарын алып чыгуунун кылмыштуу схемасы аныкталды. Тактап айтканда, трансулуттук кылмыштуу топ социалдык түйүндөрдө мобилдик тиркемелер аркылуу зыяндуу вирустук программаларды таратып, аларды активдештиргенден кийин колдонуучулар, Кыргыз жарандары электрондук капчыктарындагы акчаларын жоготуп алышкан.
Топтолгон жана процессуалдык түрдө документтештирилген далилдердин негизинде аталган топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлуп, 2 чет элдик жаран жана алардын 2 шериги Кыргыз жарандары кармалды. Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалгандар тергөө аяктаганга чейин камакка алынды. Учурда тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.
УКМК жарандарды шектүү шилтемелерден өтпөөгө жана банктык операцияларды жүргүзүүдө этият болууга чакырат. Эгерде сиз банк операциялары боюнча алдамчылардын курмандыгы болуп калсаңыз, УКМКга 0 (312) 66-04-75 номери аркылуу кайрылсаңыз болот.
Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы (ЖАМК) камактагы ырчы Аскат Жетигенди мөөнөтүнөн мурда бошотууга мыйзам жол бербей турганын билдирген. Бул тууралуу жергиликтүү...
Бүгүн, 9-декабрь күнү эртең менен саат 8:33тө Бишкектин Эркиндик бульварында жайгашкан турак үйдөн өрт чыкканы тууралуу маалымат ӨКМге түшкөн. Өрттү...
Чүй облусунда аялын сабап өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 4-декабрь күнү Сокулук РИИБге Сокулук районуна караштуу Арал...
Баткенде жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти. 5-декабрь күнү саат 21:00 чамасында Баткен шаарынын...