Бишкектин Октябрь райондук соту “Элит Хаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиевди камакта калтырды.
Райондук соттон билдиришкендей, анын УКМКнын тергөө абагында камактагы мөөнөтү 4-апрелге чейин узартылды.
Ал Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча шектелүүдө.