Бишкекте алдамчылыкка шектелгендер кармалышты. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга борбор калаанын тургуну арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ал «Элиза уй буюмдары» каржы пирамидасынын курмандыгы болуп калган. Анын негиздөөчүсү Элмира [аты өзгөртүлдү] тургунуна кирешесин көбөйтүүгө убада берген. Бишкек шаарынын тургуну акчаны көрсөтүлгөн абоненттик номурларга которгон, бирок ал убада кылган акчаны алган эмес.
Аталган факт РИИБге Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен катталып, кылмыш иши козголгон.
Милиция кылмышка шектүүлөрдү колго түшүргөн. Алардын 1997 жана 1994-жылкы жарандар экендиги аныкталган.
Кармалгандардын башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин ИИМ аныктайт. Ушуга байланыштуу, укук коргоо органдары шектүүлөрдүн аракетинен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматка ээ болгон ар бир адамдан төмөнкү телефондор боюнча кабарлап коюуну өтүнөт: 0 (553) 08-75-57, 0 (701) 00-61-06, 0 (706) 51-51-54, же Свердлов районунун Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө: 0 (312) 43-32-75.
Эмне учун мега ком элдин акчасына коз артып жатат.Эл бири бирине жардам берип жатат.Как черный касса сыяктуу бул оюн деле.Осуп келаткан кишини артка тартканды кыргыздар жакшы билебиз.Аны камаганда не чыгаргыла да.Элдин акчасын берсин.Мен да акча салгам шв машинк алып алайын деп ошол машинка менен 4баламды багып алайын деп.Мамлекеттен бир сом албайм пасобия эч кандай.Эми жок дегенде шв.машинка алайын деп чогулткан акчамды салсам минтип камап салып акчадан жок же машинкадан жок.Жалдырап отуруп калдым.