«Эмарк Групп» курулуш компаниясынын директору камакта калтырылды
«Эмарк Групп" курулуш компаниясынын директору Чолпонбек Акматовдун камактагы мөөнөтү узарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал 4-январга чейин камакта болот.
Буга чейин Бишкек шаардык соту ага карата «кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)» беренеси боюнча айып тагылганын билдирген." target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/emarkstroi-kurulush-kompaniyasynyn-direktoru-karmaldy/">билдирген.
Буга чейин SuperTV телеканалы «Элит хаус», «Авангард стиль», «Эмарк Групп» курулуш компанияларынын жетекчилери УКМК тарабынан кармалганы боюнча депутаттарга суроо салган болчу.