Чүй районунда аялын өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, 26-июль күнү болжол менен саат 23:30 чамаларында Чүй РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, Чүй айылындагы үйлөрдүн биринен аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалыма келип түшкөн. Окуя болгон жерге Чүй РИИБдин ыкчам тергөө тобу чыгышып, териштирүү учурунда каза болгон аял кишинин өздүгү аныкталган. Анын 1958-жылы туулгандыгы такталган. Жансыз денеге кароо жүргүзүү учурунда дене жаракаттары аныкталган.
Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, зарыл болгон экспертизалар дайындалаган. Милиция кызматкерлери тарабын жүргүзүлгөн териштирүү учурунда каза болгон аялдын 32 жаштагы баласы ата-энесинин үйүнө келип, жансыз денени көрүп калганы маалым болгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында, бул кылмышка шектелип, каза болгон аялдын күйөөсү 1957-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.










