Эркин журналист Ыдырыс Исаков иш учурунда кол көтөрүүгө дуушар болгонун билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн соцтармактагы баракчасына жарыялады.
Бүгүн, 12-июнда саат 12:20 чамасында Ош шаарында жайгашкан «Ош» эс алуу борборунда ызы-чуу болуп жаткандыгы тууралуу маалымат милицияга түшкөн. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан маалымат беришти.
Аталган окуя боюнча ыкчам-тергөө тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иши катталган. Тергөөнүн алгачкы маалыматына ылайык, жогорудагы жерде эркин журналист 1984-жылы туулган Ыдырыс Исаков менен Ош шаарынын тургуну, 1964-жылы туулган Маматкерим Койчукуловдун ортосунда пикир келишпестик болуп, чыр пайда болгондугу такталган. Эркин журналист өз көрсөтмөсүндө жогорудагы дарек боюнча журналисттик иликтөө жүргүзүп жаткан учурда Маматкерим Койчукулов “Сенин уруксатсыз видеого тартканга укугуң барбы?” деп колу менен бетине уруп жибергендигин жана камерага асылып, камеранын микрофонун сындырып койгондугун билдирген. Ал эми Маматкерим Койчукулов өз көрсөтмөсүндө өзүн блогер катары тааныштырган Ыдырыс Исаков анын уруксаты жок видеого тарткандыгына байланыштуу ортодо пикир келишпестик пайда болгондугун билдирген.
Азыркы учурда Ыдырыс Исаковдун денесинен алган жараатын аныктоо максатында экспертиза дайындалып, окуя боюнча күбө болгондорду суракка камсыз кылуу максатында тергөө тапшырмасы берилип, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы менен милиция коомчулукка кошумча маалымдайт.