УКМК Ысык-Көл облусу боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында Эркин Мамбеталиевдин кылмыш жолу менен тапкан төмөнкү мүлктөрүн мамлекеттин балансына өткөрүп берди: Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылында жайгашкан «Эдельвейс» эс алуу борбору, Бишкек шаарындагы 3 жана 2 бөлмөлүү батир, «Lexus LX 570» жана «Dodge RAM» маркасындагы эки унаа, 3 3 гидроцикл, 3 квадроцикл жана улуттук кийизден жасалган боз үй.
Жогоруда аталган мүлктөр 5 716 307 АКШ долларына же 489 886 000 сомго бааланды. Учурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн мыйзамсыз алынган мүлктөрдү аныктоо иштери уланууда.
УКМК тарабынан мамлекеттик менчиктин социалдык инфраструктурасынын мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерин кайтарып алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Бишкек шаарынын (Рабочий городок)...
Кечээ, 20-ноябрь күнү саат 19:45 чамасында Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында жайгашкан орто мектептеринин биринде жылытуучу түтүкчө (меш) жарылып, от жагуучу...
Бүгүн, 21-ноябрда Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы алдын ала маалымат боюнча Сары-Челек айыл аймагынын Жол-Сай айылынын Мазар тилкесинде жер көчкү түшкөн....
Чүйдө адам өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 19-ноябрда Кара-Балтадагы үйлөрдүн биринин алдында 1975-жылы туулган жарандын жансыз денеси...