Кокуловдун «атайын банкрот кылып жаткандай» дегенинен кийин «Ак-Кеме» мейманканасынын мурунку жетекчиси кармалды

«Ак-Кеме» мейманкана комплексинин филиалынын жооптуу адамдары тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун балансында турган мамлекеттик ишканалардын ишин текшерүүдө мамлекеттик мүлктү башкаруу органдарынын кызмат адамдары тарабынан кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу — мамлекеттик мүлктү мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирүү фактысы жөнүндө маалымат келип түшкөн. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жетекчиликтин мыйзамсыз аракеттеринен, тактап айтканда, 2021-жылдын декабрынан 2022-жылдын апрелине чейин чет өлкөлүк студенттер үчүн бөлмөлөрдүн баасын атайылап төмөндөтүп бекиткендигинен улам мамлекеттик бюджетке 7 миллион сом зыян келтирилген. Тергөөнүн жүрүшүндө «Ак-Кеме» мейманканасынын мурдагы жетекчиси кармалды. 

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов Бишкектеги «Ак-Кеме» мейманканасынын абалы тууралуу маселени парламентте көтөргөн. Депутат «мейманкананы атайылап банкрот кылып жаткан болушу мүмкүн» деген божомолун айткан.