20-сентябрда 36 жаштагы Асел Ногойбаева кулак-мурду кескиленген абалда ооруканага түшкөн. Бул ишти анын мурдагы күйөөсү кылганы, кийин анын камакка алынганы маалым болгон. Бүгүнкү күнү келиндин абалы туруктуу. Асел Ногойбаева алгачкы жолу дал ошол каргашалуу окуя тууралуу SUPERTV телеканалына айтып берди.
«Абалым биринчи күнгө караганда жакшы. Сууну түтүк менен иче да алчу эмесмин. Жалпы кыргыз элине ыраазычылык билдирейин дегем. Жардам бергенине өтө ыраазымын. Кыргызстанга келген күндөн баштап, коркутуулар башталган. Көчөдөн кыйкырып, сөкчү. Ошондо эле укук коргоо органдарына кайрылгам. Ыйлап баргам. Коргоо ордерин беришти. Мен жашаган жерден эле кармап, зордуктап салды. Сүйлөшүп эле баш кошконбуз. Анда мен 19 жашта болчумун. 12 жылдан ашык жашадык. Ажырашып, Италияга кеттим. 3,5 жыл иштедим.
Мурда деле тынчымды алып, үйгө чейин келип жүрчү. Ошол иш болорго чейин 2 күн мурун келип, эшикти тарсылдатып жаткан. Ал күнү милиция алып кеткен. Ошол күнү күндөгүдөй туруп, кийинип-даярданып үйдөн чыккан атканбыз. Уулум кеткенден 10 мүнөттөн кийин кичүү уулум экөөбүз чыгып кетчүбүз. Мен чачымды тарап жаткам. Эшик ачылды. Баттан басып кирди. Жуунуучу бөлмөнүн эшигин бекиткенге жетишпей калдым. Башыма 2 жолу урду. Сөз сүйлөгөн жок», — деди ал.