«Эшикти каккылашып». Оштогу түрмөдө 33 жаштагы жаран көз жумду

Жазаларды аткаруу кызматынын Оштогу №25 мекемесинде уурулукка айыпталган жаран каза болду. Бул тууралуу ЖАКтан билдиришти.

Маалыматка караганда, 24-августта саат 16:30 чамасында №25 камерада отургандар эшикти каккылап башташкан. Алар медкызматкерлерди чакырууга аракет кылышкан. Камерадагылар андагы жаран эс-учун жоготконун билдиришкен.

«Кызматкерлер 1989-жылы туулган жаранды эс-учун жоготкон абалда табышкан. Ал убактылуу кармоочу жайдан СИЗО-5ке которулуп, №25 мекеменин карантиндик камерага киргизилген. Ал барганда эле жүрөк оорусу боюнча даттанган. Ошондой эле андан эки санында гематомалар бар экени аныкталган. Ага биринчи жардам көрсөтүлгөн. Тез жардам кызматкерлери да чакырылып, алар саат 16:50дө каза болгонун билдиришкен. Маркумдун сөөгүн кечээ, 25-августта туугандары алып кеткен», — деп айтылат маалыматта.