«Эшикти тартканда, айнеги күбүлүп түшүп калган». Аялдаманын эшигин талкалаган адам окуя тууралуу айтып берди

Буга чейин мэрия маалымат таратып, Бишкектеги Чүй менен Манас проспектилеринин кесилишинде жайгашкан жаңы форматтагы аялдаманын эшигин талкалап, айнегин сындырып кетишкенин билдиришкен. 

Окуя боюнча СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май РИИБден маалымат беришти. «17-мартта саат 22:30 чамасында милицияга мас кишинин аялдаманын терезесин чагып кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факты каттоого алынып, териштирүү иштери башталган. 1984-жылы туулган аныкталып, тергөөгө жеткирилди. Ал ошол күнү саат 22:30 чамасында аялдаманын ичине кирүүнү каалагандыктан эшигин тартканын, кесепетинен айнеги күбүлүп түшкөнүн билдирген. Андан соң эки жигит чуркап барып, милиция чакырган. Учурда тергөө уланууда», — дешти.