Чүйдөгү айылдардын биринде жанаша жайгашкан 4 дача өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Айылдагы 4 үй толугу менен өрттөнүп, 100 чарчы метр аянттагы кургак чөп күйгөн. Тилсиз жоонун чыгуу себеби, күбөлөрдүн айтымында, коңшулардын бири эски кийимдерди өрттөп, мындан чыккан жалындын учкундары кургап турган кургак чөпкө андан үйлөргө өткөн.