«Эски үй бузулуп жаткан». Мэрия дубалы ураган үй боюнча маалымат берди

Кечээ, 15-майда социалдык тармактын колдонуучулары Исанов көчөсүндө салынып жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы кулаганын жазып чыгышкан эле. Алардын айтымында, кырсыктан бактыга жараша эч ким жабыркаган эмес.

Мэрия бүгүн, 16-майда окуя боюнча маалымат беришти. Маалыматка караганда, айтылган даректе эч кандай курулуш иштери жүргүзүлгөн эмес. Ал жерде эски үй бузулуп жаткан.