Эвакуация учурунан үрөй учурган кадр. Милиция «чачырап кеткен» Портер боюнча маалымат берди (видео)

Социалдык тармактарга «Баткенде эвакуация учурунда үрөй учурган окуя болду» деген аталышта видео тараган. Анда «чачырап» кеткен Портерди жана айланада жерде жаткан адамдарды көрүүгө болот. Аталган окуя боюнча ЖКККББнын басма сөз кызматы СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине маалымат беришти.

«Окуя боюнча тактоо жүргүзүлүп жатат. Ал жерде жол кырсыгы эле эмес, башка маселелер да бар. Окуя болгон жерге тергөө тобу жөнөтүлгөн. Азырынча маалымат тактала элек», — дешти алар.