«Европага жумушка орноштурам». 115 миң сомду алдап алып койгон шектүү кармалды

Европага жумушка орноштурам деп алдап 115 миң 740 сом алып сөзүндө турбай качып кеткен кылмышка шектүү кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

«Милицияга 2021-жылы бир аял ишенимине кирип, Европага жумушка орношууга жардам берем деп 115 миң 740 сомун алып, жоголуп кеткенин айткан жаран кайрылган. Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, алдамчылык беренеси менен иш козголгон. 

Иликтөө иштеринин жыйынтыгында 1980-жылы туулган аял кылмышка шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Аталган шектүүнүн ушуга окшош башка кылмыштарга тийиштиги бар-жогу такталууда», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.