«Family Village» курулуш компаниясынын башкы директору Сухраб Жармухамедов СИЗО-1де камакта калды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.
Маалыматка караганда, ал 20-февралга чейин №21 тергөө изоляторунда камакта болот.
Буга чейин жергиликтүү басылмалар өз булагна таянып анын алдамчылык боюнча кармалганын жазышкан.