Көк-Мойнок — Кубакы унаа жолу унаа кыймылы үчүн ачык. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.
Саат 01:15те алар жолду тазалап бүтүшүп, унааларга кыймыл ачылган.
Кечээ, 28-ноябрда саат 22:00дө Көк-Мойнок — Кубакы унаа жолунун 1-чакырымында фейерверк ташыган жүк ташуучу унаа күйүп кеткен. «Айдоочу Кытайдын жараны болуп чыкты, ал каза болду», — деп айтылат маалыматта.








