Фейсбукта Акын Демократ деп таанылган Марат Баязов кармалды

Кечээ, 26-октябрда Фейсбукта Акын Демократ деп таанылган Марат Баязов аттуу жаран милицияда сурак берген, бирок Чүй ОИИБ кайсы иш боюнча сурак берип жатканын айтышкан эмес.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине ИИМден бүгүн, 27-октябрда анын кармалганын тастыкташты. «Кармалды. Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайында», — дешти.